Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Мухаммед Мурси президент сарайына кызматка чыкты


Египет президентинин Каирдеги сарайынын сыртында логлогон демонстранттар турганына карабай, Мухаммед Мурси аксарайга жумушка чыкты. Шейшемби күнү кечинде аксарайдын алдына чогулган 10 миңдеген демонстранттар Мурсинин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан. Полиция адегенде аларга көздөн жаш агызчу газ атып, бирок тез эле токтогон. Нааразылык акциялары Мурси эки жума мурда президенттин бийлигин күчөтүп, соттордун укугун чектеп салган жардык чыгаргандан бери жүрүүдө. Шейшемби күнү Каирден башка да шаарларда көчө жүрүштөрү болду.

Мурсинин айтышынча, 15-декабрдагы референдумда колго салынчу жаңы конституция бекитилер замат, президенттик бийлигин кеңейткен жардык токтотулат.

Сынчылар жаңы конституциянын долбоорунда жарандардын универсалдык укуктары, анын ичинде аялдардын укуктары бузулганын айтып, Мурсини диктатор катары аракеттенүүдө деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG