Казак активисттери Польшада ушул аптада кармалган Мейрман Шауенов Казакстанга кайтарылса, ал кыйноого дуушар болушу мүмкүн экендигин айтышууда. Казак бийликтери өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунай жумушчулары менен полициянын кандуу кагылышын иликтеп баштагандан кийин январ айында Шауенов үй-бүлөсү менен Польшага качкан эле. Мындан бир жыл мурда Жаңы-Өзөндө болгон окуяда полиция 17 кишини атып салган.