Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Зордуктоого шектелген Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды


Бүгүн кечинде Бишкектеги Свердлов райондук соту Элдик патриоттор кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуевдун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө боюнча жетекчи орун басары Мырзалы Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты Элдик патриоттор кыймылынын тең төрагасы Ормон Мусабеков да “Азаттыкка” тастыктап, Мотуевге коюлган айыптарды четке какты.

Нурлан Мотуев 21 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип эки күн мурда кармалган. Натыйжада “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Мотуев шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG