Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Орусиядан Европага газ куурунун курулушу ачылат


Орусияда Түштүк жана Борбордук Европага газ жеткирүүчү Түштүк Агым куурунун курулушу расмий ачылууда. "Газпромдун" билдиришинче, суу алдындагы курулуш ушул аптада башталат. Бирок аналитиктер бул иштер ушунча тез жолго коюлушу мүмкүн экендигине ишенбөөчүлүк билдиришүүдө. Түштүк Агым Кара деңиздин түбү менен Болгарияга барып, андан ары Сербия, Венгрия, Словения жана Австрия аркылуу европалык башкы куур системасына кошулат. Курулуштун жалпы чыгымы 16 миллиард 500 миллион евро болот деп болжолдонгон. Европа Биримдиги бул долбоордо каралган жолдун деталдуу планын же анын айлана-чөйрө, социалдык таасири боюнча изилдөөнү көрө электигин айтууда.

XS
SM
MD
LG