Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

Жарандык коом Жогорку Кеңештин бюджетин талкуулайт


“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бүгүн “Жогорку Кеңеш: ачыктык жана эффективдүүлүк маселелери” деген отчеттун ачылышы болот. Аталган уюм март айынан бери “Парламенттик башкаруу системасындагы саясий партиялардын жана лидерлердин кирешесинин ачыктыгы жарандык көзөмөл аркылуу” деген долбоордун алкагында иликтөө-сурамжылоолорду жүргүзүп келген. Долбоордун координатору Аида Байжуманованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча отчетто Жогорку Кеңештин бюджети, мыйзамдардын кабыл алынышы жана мазмуну, парламенттеги саясий партиялардын кирешеси тууралуу маалыматтар айтылат. Мындан тышкары эл өкүлдөрүнүн ишине баа берилген.

Бүгүнкү иш-чара Жогорку Кеңешти реформалоо боюнча депутаттык жумушчу топтун катышуусу менен болмокчу.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG