Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

HRW: Меркел Атамбаев менен укук маселесин козгошу керек


"Хюман Райтс Уотч" уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөндө «адам укуктары боюнча олуттуу тынчсыздануу билдирүүгө» чакырды. Атамбаев Меркел менен Берлинде эртең жолугууда.

"Хюман Райтс Уотчтун" бүгүнкү билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө иштеген укук коргоочулардын коркутуп-үркүтүлүшү айыпталат. Ошондой эле кыргыз бийликтеринин мусулман кумсалар тууралуу даректүү тасмага тыюу салышы боюнча тынчсыздануу айтылат. Билдирүүдө Кыргызстандын түрмөлөрүндө кыйноо дагы деле колдонулаары белгиленет. «Берлин өкмөтү кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууну талап кылышын эскертиши керек» дейт уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Хаф Уиллиамсон.

Бүгүн президент Атамбаев кыргызстандыктарды эл аралык Адам укугун коргоо күнү менен куттуктады. "Биздин максат - жарандар жашаган жери, улуту жана дини боюнча бөлүнбөгөн мамлекет куруу. Ар бир адам мыйзам алдында бирдей болушу керек", - деп айтылат Атамбаевдин куттуктоо катында.

XS
SM
MD
LG