Кытайдын Шинжаң автоном районунда быйыл июнь айында жүргүнчүлөрдү тарткан самолетту барымтага алганга аракет кылган деп айыпталып, үч адам атууга өкүм кылынды. Төртүнчү айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылганын өкмөттүк Синхуа агенттиги кабарлады. Июнь айында шинжаңдык алты уйгур учакты басып алмак болгондо, экипаж жана жүргүнчүлөрдүн жардамы менен колго түшүрүлгөн. Алардын экөө кол салуу учурунда алган жараатынан кийин набыт болгон. Шинжаң регионунда уйгурлар менен хан кытайлардын ортосунда үзбөй араздашуулар болуп турат.