Жогорку Кеңештин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети оң рулдуу машинелердин ээлерине коммерциялык максатта эл ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун кечээ карап, жактырды. Долбоордун демилгечиси, депутат Нарынбек Молдобаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мыйзам транспорт жаатында кызмат көрсөтүүчү жеке адамдарга жана ишканаларга бирдей тиешелүү:
- Биздин өлкө тоолуу болгондуктан, жүк да, жүргүнчү да 99% такси менен каттайт. Ошондуктан жүргүнчүлөрдүн, элдин коопсуздугу үчүн биз рулу оң жакта жайгашкан машинелерди кире кылбасын деп сунуштадык.
Депутаттын айтымында, бул мыйзам аскер, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаал, күч кызматтарына жана элдүү жолдор менен жүрбөөчү техногендик жүк ташуучу машинелерге тиешелүү эмес.
Такталбаган маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү алыс-жакын каттамдарга, шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн машинелердин дээрлик 25% оң рулдуу автоунаалар.(ZKo)