Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Египетте аскер башчысы диалогго чакырууда


Египет куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Абдил Фаттах ал-Сисси бардык саясий партияларды сүйлөшүүгө чакырды. Мамлекеттик MENA маалымат агенттиги кечээ кабарлагандай аскер башчы саясий партияларды бүгүн “учурдагы кризисти бүтүрүү үчүн сүйлөшүүгө” чогултууну көздөөдө. Египет армиясы буга чейин да саясий партияларды сүйлөшүүгө чакырып, “мунасага келүү үчүн бир гана жол – сүйлөшүү экенин, башка жолдор туңгуюкка алып барарын, бирок ага армия жол бербесин” билдирген эле.

Египетте бир катар саясий партиялардан жана кыймылдардан турган Улуттук куткаруу фронту өлкөнүн жаңы Баш мыйзамы коюлуп жаткан референдумга каршы чыгууда. Алар жаңы Баш мыйзам адам укуктарын коргобойт, ал эми референдум өлкөдөгү саясий кырдаалды ансайын курчутат деп белгилешүүдө.

Египеттин жаңы Баш мыйзамынын тагдырын чечер референдум 15-декабрь күнү болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG