Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Июн окуясынын жабырлануучуларына үй тийди


Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын май жана июн окуяларында жабыркаган жарандарга үй берилди.

60 батирлүү беш кабаттуу үйдүн сертификаттары тапшырылып, фитнес спорт комплекси ачылды .

Бул курулуштарды бүтүргөн Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциянын башчысы Жусупжан Жээнбеков мекеменин эмки
жылы 130 батирлүү үйдү куруу планы бар экенин билдирди.

Бул үйдөгү батир үчүн 95 жабырлануучудан арыз түшкөн. Батир тийбей калган 8 жабырлануучуга үй берүү сунушу менен Бишкек жана Ош мэрияларына өтүнүч жиберилээрин өкмөттүн өкүлү Жусубаалы Төрөмаматов билдирди.

Анын орун басары Жумагүл Эгембердиева “батирлер калыс бөлүнгөн жок” деп “Азаттыкка” кайрылган эки жабырлануучунун доосун негизсиз деп, алардын үйү бар экенин маалымдады.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG