Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

14-декабрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
14-15-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрөт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Дыйканчылык аймактарда абанын температурасы түнкүсүн 10-15 градуска чейин төмөндөйт.

Аба ырайы
14-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Тоолуу жолдордо кар күрткү пайда болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден кээ бир райондордо 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -14...-19, түндүк тарабында -18...-23, күндүз -8...-13, түндүк тарабында -10...-15,
Талас облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -8...-13,
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, чыгыш тарабында -8...-13, күндүз -4...+1, чыгыш тарабында -1...-6,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -21...-26, ал эми күндүз -12...-17 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу мүмкүн, күндүз жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14...-16, күндүз -9...-11 градус болот.

XS
SM
MD
LG