Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Ахмединежад Түркияга келбей калды


Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик Анадолу агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин дипломатиялык булактарга таянып кабарлаганына караганда, Ахмединежад Түркиянын Конья шаарына боло турган сапарын өз өлкөсүндөгү башка иштерден улам токтоткон.
Иран президенти Коньяга түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 13-кылымдагы ойчул Мевлана Румини эскерүүгө катышканы келмек.

Соңку кезде Түркия менен Иран ортосунда пикир келишпестиктер болуп келет. Бул айрыкча Сирия маселесине байланыштуу күчөдү. Түркия Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырып, оппозицияны колдоп келсе, Иран Асад режиминин өнөктөшү бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG