Чек ара аскерлигине тиешелүү “Чалдовар” көзөмөл бекетинин бир кызматкери 21 килограмм 321 грамм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Маңзат кызматкердин Кара-Балта шаарындагы үйүн тинтүү маалында табылган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Бул боюнча Чек ара аскерлиги маалымат бере элек. (KKs)