Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Бишкекте кыйноолорго каршы меморандумга кол коюлду


Бүгүн Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, мамлекеттик айрым органдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыйноолорго каршы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Меморандумга Башкы прокуратура, ИИМ, Саламаттыкты сактоо жана Адилет министрликтери, Жаза аткаруу кызматы жана бир катар укук коргоо уюмдары кошулду. Алар жабык жайларда тынымсыз байкоо жүргүзүп, маалымат алмашып турууга макулдашты.

Мындай меморандумга 2011-жылы июнь айында кол коюлган. Азыр кабыл алынган меморандум 2013-жылдын соңуна чейин күчкө ээ болмокчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG