Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Эки күндө сууктан 8 адам каза тапты


Акыркы эки күндө Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу сууктан 8 адам каза тапканын ИИМден кабарлашты. Алардын баары үй-жайсыз адамдар. Мындан улам министрлик үй-жайсыз адамдарды убактылуу түнөк жайларга барып түнөөгө чакырууда.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, учурда жалпы өлкө боюнча үй жайсыз адамдарга убактылуу түнөк берүүчү тогуз жай иштеп жатат. Ал жерге кайрылгандарга бир маал ысык тамак берилип, медициналык кызмат көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, былтыркы жана быйылкы суукта республика боюнча 64 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG