Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Алтайда жолдо калгандар Барнаулга жеткирилгени жатат


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алтайда ара жолдо калган 33 адамды Барнаул шаарына алып келгени жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулунун атташеси Мээримбек Апышев “Азаттыкка” билдирди. Арабөк жүргүнчүлөр Барнаулдан ары Красноярскиге поезд аркылуу жөнөтүлмөкчү. Бишкектен Новосибирск шаарына бараткан 33 адам Алтай крайынын Мамонтово районуна караштуу Луганск деген мектебинде төрт күндөн бери баш калкалап турушкан. Алардын 23ү кыргыз, ону казак жараны, арасында үч бала, 2 кош бойлуу келин жана эки пенсионер бар. Жүргүнчүлөрдү Красноярск аймагына жеткирмекчи болгон автобус орто жолдо бузулуп калган. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG