Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Сот Ходорковскийдин жаза мөөнөтүн 2 жылга азайтты


Москва сотунун бүгүнкү жарыясына караганда, мындай чечим Орусиянын экономикалык кылмыштар боюнча жаңы мыйзамынын негизинде кабыл алды.

Ага ылайык, мурдагы мунай олигархы Михаил Ходорковский жана анын ишкер өнөктөшү Платон Лебедев абактан эми 2014-жылы бошонушу мүмкүн. Ал экөө тең салык төлөөдөн качкан, мунай уурдаган, арам акчаны адалдаган деген айыптар менен кесилишкен.

Мурдагы ЮКОС мунай компаниясынын башчысы Михаил Ходорковский түрмөгө түшкөнгө чейин Орусияда саясий оюнчу катары саналчу.

Анын кылмыш ишинде саясий жүйө бар деген ырастоолорду орус президенти Владимир Путин бүгүн басма сөз жыйында кайрадан четке кагып, Ходорковский экономикалык кылмыштары үчүн гана соттолгонун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG