Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Орусия депутаттарына каршы петицияга үн кошкондордун саны 25 миңден ашты


27 миң адам орусиялык балдарды америкалык жарандардын асырап алуусуна тыюу салган мыйзамга макулдугун берген депутаттарга карата “Магнитский актысы” боюнча санкция киргизүү талабын колдоду. Интернетте онлайн жүрүп жаткан петицияга 27 миңден ашуун киши кол койду. АКШнын президенттик администрациясынын кароосуна коюлушу үчүн бул документ 20-январга чейин 25 миң кишинин колун чогултууга тийиш болчу.

Петиция Орусиянын социалдык сайттарынан арбын колдоо тапканы маалымдалууда.
АКШ жарандарынын орусиялык балдарды асырап алуусуна тыйуу салган мыйзамды Мамдума 21-декабрда көпчүлүк добуш менен кабыл алган, бул орус оппозициясынын нааразычылыгын пайда кылды. Аталган мыйзам президент Путин кол койгондон кийин күчүнө кирет, ага чейин 26-декабрда Федерациялык Кеңештин кароосунан өтөт.

XS
SM
MD
LG