Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Казакстанда сот оппозициялык гезит, интернет-сайттардын жабылышын колдоду


Алматыда сот бүгүн оппозициялык “Республика авазы” гезитин, анын интернет-сайттарын жабууну сураган прокурорлордун арызын толугу менен канааттандырды. Гезиттин баш редактору Татьяна Трубачева соттун чечимин мыйзам боюнча каралган 15 күндүн ичинде жокко чыгарыш үчүн доо арыз менен кайрылышарын кабарлады.

Чечимге ылайык, сот “Алга” партиясын, “Халык майданы” уюмун, сегиз гезитти жана интернеттеги 23 сайтты “экстремисттик” деп тааныйт. Прокурорлор, мындан сырткары, “Республика”, “Взгляд” гезиттерин басууга жана таркатууга, алардын веб-сайттарына, Казакстанда К+ жана Stan-TV телеканалдарын көрсөтүүгө, алардын да сайттарына тыйуу салууну сурашкан эле.

XS
SM
MD
LG