Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Бейтапканалар майрам күндөрү өз тартибинде иштей берет


Кыргызстанда бейтапканалар жаңы жылдык майрам күндөрү адаттагыдай эле тартиби боюнча иштей берет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 1-, 7-январда гана бейтапканалар иштебейт, калган күндөр иш күн.

Өкмөттүн токтому менен жумасына беш күн иштеген мекемелер үчүн дем алыш күндөр 30-декабрдан 7-январга чейин болоору бекитилген. Майрамдоого жалпысынан 9 күн берилет. Бирок ишембиге туш келген 29-декабр жана 12-, 19-январ иш күн болот. (RK)

XS
SM
MD
LG