Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Иран Ормуз кысыгында аскерий машыгуу баштады


Ирандын аскер-деңиз флоту машыгуу баштаган Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын басымдуу бөлүгү ташылат. Машыгууларда кеме, суу алдында жүрчү кайыктар жана авиация колдонулат. Ирандын аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Сайяри ирандык маалымат каражаттарына машыгуу шаршембиге чейин уланып, Инди океанынын батыш тарабында жана Оман булуңунда да өткөрүлөөрүн билдирген. Эгерде Батыш Иранга аскерий кийлигишүү баштаса, расмий Тегеран Ормуз кысыгын жаап койорун айтып коркутуп келет.

Үстүбүздөгү жылы АКШ дагы Перс булуңундагы өз аскерий күчтөрүн көбөйттү.

XS
SM
MD
LG