Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Кар көчкүдөн каза болгон окуучулардын үй-бүлөсүнө президент жардам көрсөттү


Кара-Кулжада көчкүдөн мерт кеткен эки окуучунун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 50 миң сомдон жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

22-декабрда Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында мектеп окуучулары жылгаяк тээп жүргөн мектептин 8 окуучусун көчкү басып алган. Кырсыкта 1997-жылы туулган Жеңишбек кызы Тахмина жана Заирбек кызы Дилбар каза тапкан. Көчкүдөн жараат алган 2 окуучу ооруканада дарыланууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG