Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Уго Чавес операциядан кийинки оорудан жапа чегүүдө


Кубада дарыланып жаткан Венесуэланын президенти Уго Чавес операциядан кийинки кошумча оорудан жапа чегүүдө. Бул тууралуу жекшембиде Венесуэланын вице-президенти Николас Мадуро мамлекеттик телеканалдан жарыялады. 29-декабрда Кубага күтүүсүз сапар алган Мадуро президент Чавес дале алсыз экенин гана белгилеп, президенттин ден-соолугу тууралуу толук маалымат берген жок. Вице-президент бир канча убакыт Чавестин жанында калаары белгилүү болду.

Уго Чавес 11-декабрдагы рак шишигин алуу боюнча төртүнчү жолку операциядан бери коомчулук алдына чыга элек. Расмий бийлик өкүлдөрү Чавес 10-январга белгиленген алтынчы инаугурациясына катыша албастыгын билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG