Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Иракта 17 шиит зияратчы бомба чабуулудан өлдү


Иракта машинеге коюлган бомбаны жардыруудан кеминде 17 шиит зияратчы набыт болду. 40 ашуун зыяратчы жарадар болду. Расмий бийликтер жардыруу Багдаддын түштүгүндөгү көбүн эсе шииттер жашаган Мусаиб шаарында болгонун, бомба зыяратчылар шиитердин ыйык шаары Кербаладан кайтып келаткан кезде жардырылганын билдирди.

"Ройтер" агенттигинин маалымдашынча, бомбаны жанкечти жардырган. Кандуу булоон үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. Ирактык суннит радикалдар шиит зыяратчыларга алардын диний зыпаттары учурунда үзбөй кол салып турушат. 31-декабрда Мусаиб шаарында үч үй бомбадан кыйраганда 7 киши набыт болгон. Бийликтер үй ээлери шиит болгону үчүн чабуулга алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG