Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Немис басмаканасы жомоктон ‘’негр’’ сөзүн алып салмай болду


Германиянын ‘’Тинеманн’’басмаканасы жазуучу Отфрид Пройслердин балдарга арналган ‘’Кичинекей сыйкырчы’’ деп аталган атактуу жомогунда камтылган ‘’негр’’, ‘‘негритенок’’ сөздөрүн алып салып, кайрадан басып чыгарууну чечти.

‘’Китептер саясий жана лингвистикалык өзгөрүүлөрдү чагылдыруусу керек, ошондо гана алар кылымдарга сакталат”,-деди басмакана өкүлү Клаус Вилльберг. Бирок китептин автору басмакананын бул жоругуна макул эместигин билдирүүдө.

"Кичинекей сыйкырчы’’ жомогу 1958-жылы Германиядя балдар адабиятына арналган эң мыкты чыгарма катары бааланып, дүйнөнүн 47 тилине которулган. 1991-жылы бул жомокту “Союзмультфильм” экранга алып чыккан. JAk

XS
SM
MD
LG