Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

АКШ: Саудиялык жигит баланы зордуктады деп камакка алынды


Саудиянын аскерий аба күчтөрүнүн кенже офицери 14 жашка чыга элек баланы зордуктады деп шектелип, АКШда камакка алынды. 23 жаштагы сержанттын иши сотко өткөрүлүп берилсе, узак мөөнөткө эркинен ажыратылат.

13 жаштагы бала тергөөчүгө сержант аны 31-декабрда мейманкананын коридордон кезиктирип, коркутуп өз бөлмөсүнө алып барып, зордуктап салганын айткан. Лас Вегастын полициясы маалымдашынча, тестиер бала көп кабатуу Circus мейманканасында ата-энеси менен турчу экен. Техастагы америкалык базада убактылуу кызмат өтөп жүргөн саудиялык кенже офицер Рождество майрамын Лас Вегаста өткөргөнү келгени айтылат кабарларды.

XS
SM
MD
LG