Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

ТИМ Чарбак жаңжалы боюнча билдирүү таратты


Министрликтин шаршембиде тараткан билдирүүсүндө Чарбактагы жаңжалда Өзбекстандын Сох анклавнын тургундары кыргыз жарандарын барымтага алышы адам укуктары жана эркиндиктери жөнүндөгү эл аралык нормаларга сыйбаган осол окуя катары баалаган. Билдирүүдө айтылгандай, бул чатакты эки өлкөнүн тиешелүү органдары адилет иликтеши керектигин, анан жыйынтыгы менен бул кылмышка күнөөкөрлөрдү адилет жазалоону талап кылган. Иликтөө жыйынтыгы чыкканга чейин коңшу өлкөнү негизсиз билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.

6-январда Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын 30 жаранын барымтага алып, алар дүйшөмбү кечинде бошотулган. Чарбак айылында жаңыдан ачылган чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү үчүн кыргыз чек арачылары электр мамыларын ороното баштаганда өзбекстандыктар нааразы болуп чыккан. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары болсо ок асманга атылганын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG