Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

УКМК Геология агенттигинин жетекчилерине кылмыш иш козгоду


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктаганын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин маалымат катчысы Нурланбек Токталиев билдирди. Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин мурдагы директору Учкунбек Ташбаев жетектеген учурда анын айдоочусунун туугандары иштебесе да мекеме эсебинен айлык алып турушкан.

Кылмыш иштин алкагында агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаровго, кадрлар бөлүмүнүн башчысына жана Учкунбек Ташбаевдин кеңешчисине айып тагылды.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку директору Учкунбек Ташбаев өткөн жылы 30-ноябрда камакка алынган. Ал кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат. Учурда Ташбаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG