12-январга караган түнү Оштун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто жолунун 100-105-чакырымдарында үч жерге кар көчкү түшүп, авто жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” маалымдады. “Кар көчкүнүн айынан жабыркагандар жана каза болгондор жок”,-деди Бекилов. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. JAk