Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Ооганстан: мечиттеги жардырууда жети киши набыт кетти


Ооганстандын чыгышындагы жардыруудан өткөн түнү аз дегенде жети кишинин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, мечит кечээ Вардак дубанында эл аралык жана ооган күчтөрү төрт козголоңчуну атып өлтүргөндөн көп өтпөй жардырылды. Талибандын маалымат катчысы мечитти «америкалык аскерлер эки ракета менен атты» деп ырастады. Эл аралык Коопсуздук жардам күчтөрүнүн аскер бөлүгү бул аймактан кеткендигин аталган күчтөрдүн маалымат катчысы бышыктады. Катчы Вардактагы операцияда аба күчтөрү колдонулбагандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG