Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Малидеги аскерий операцияга Франциянын 750 жоокери катышууда


Француз президенти Франсуа Олланд бул тууралуу бүгүн Абу Дабиде, француз аскерий базасында сүйлөгөн учурунда билдирди.

Олланд белгилегендей, Малидеги француз аскерлеринин саны убактылуу көбөйтүлөт, бирок алар аткарып жаткан милдеттерин Африка күчтөрүнө мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүп берет. Африка күчтөрү жайгашуусу үчүн кеминде бир апта убакыт талап кылынууда.

Француз аскерлери өткөн жума күндөн бери Малинин өкмөттүк күчтөрүнүн исламчыл согушкерлерге каршы чабуулуна колдоо көрсөтүүдө. Исламчылар өлкөнүн түндүк бөлүгүн былтыр апрелден бери көзөмөлдөп турушат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Малиде Франция баштаган аскерий интервенцияны ушул дүйшөмбү күнү колдогон. (UE)

XS
SM
MD
LG