Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгы талкууланууда


АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жекеме-жеке жолугушту. Ушул эле күнү Блейк жарандык коом өкүлдөрү менен да пикир алмашты.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" айтымында, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев USAID агенттигинин Кыргызстанга жардамынын натыйжалуулугун арттыруу зарылчылыгы, инвестиция тартуу жана маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу маселелерин белгиледи. Негизинен экономикалык кызматташтык багытында сөз болду. "Манастагы" транзиттик борбордун мөөнөтү Блейк менен Сатыбалдиевдин жолугушуусунда талкууланган жок.

Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык боюнча эки тараптуу кеңешме өтөт. Анда саясый, экономикалык кызматташтык, коопсуздук, демократиялык өнүгүү, билим берүү, маданият багыттары боюнча негизги маселелер талкууланат. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG