Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

КТРК кабарчыларын сабады делген адам эркиндикке чыкты


Коомдук биринчи каналдын кабарчылары Бурулай Пусурманкулованы жана Ширин Асанакунованы сабады деген шек менен камакка алынган Айдин Кулбаев өткөн жумада эркиндикке чыкты. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов жабырлануучулардан арыз түшпөгөнү үчүн иш кыскартылганын айрым маалымат каражаттарына билдирген. Ал эми КТРК кабарчысы Бурулай Пусурманкулова Айдин Кулбаевдин ата-энесинин өтүнүчүнө карап жана анын жаш балдары бар экенин эске алып, тосмо арыз жазышканын “Азаттыкка” билдирди. Мурдараак кабарчыларды урган деп шектелген Айдин Кулбаев теле аркылуу алардан кечирим сураган.

7-январь күнү КТРКнын кабарчылары Бишкекте электр энергиясы үчүн миңдеген сом акча төлөбөй жатат делген үйлөрдү тартып жүргөн кезде, үйлөрдүн биринин жанында турган жигит кабарчыларга кол көтөрүп, микрофонун сындырган. Бул иш боюнча айыптуу делип Бишкектин мурдагы вице-мэри Абдирейим Кулбаевдин уулу, 29 жаштагы Айдин Кулбаев кармалган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG