Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ЕврАзЭШ өлкөлөрүнө барууда медициналык аныктама талап кылынат


Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду. Аталган комитет ЕврАзЭШ өлкөлөрү ортосунда түзүлгөн келишим долбоорун жактырды. Ал келишимге ылайык, ЕврАзЭШ мамлекеттерине иштөө үчүн мыйзамдуу барган мигранттар өз өлкөсүнөн медициналык аныктама алууга милдеттүү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин айтымында, медициналык аныктаманын атайын белгилер менен корголгон бланкы бекер берилет. Ал эми дарыгерге текшерилүү акысын жарандар тигил же бул медициналык мекеме койгон баага боюнча өздөрү төлөшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG