Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Ооганстанда быйыл кыргыз элчилиги ачылат


Кыргызстан быйыл Ооганстанда өз элчилигин ачканы жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Бишкекте кечээ эки өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусу өтүп, кызматташтык маселелери талкууланды. Ооган тараптын делегациясын бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Жавед Лудин баштап келди.

Элчилик ачылса эки тараптуу кызматташтык бекемдээри айтылып, кыргыз тарап ооган тышкы иштер министри Залмай Расулга Бишкекке расмий сапарга келип кетүүсүнө чакыруу катын тапшырды.

Ошондой эле Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү маселеси да талкууланды.

Өтө катаал шартта күн кечирип жаткан ооганстандык кыргыздарга атайын гуманитардык экспедиция Кыргызстандан былтыр барганы жаткан. Бирок Тажикстандын Тоолуу Бадахшанындагы окуяларга байланыштуу бул акция убактылуу токтотулган бойдон калды. (RK)

XS
SM
MD
LG