Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

ӨКМ Баракка жеткирилген гумжардам тууралуу маалымат берди


Кыргызстан Өзбекстан аркылуу өзүнүн Барак эксклавына гуманитардык жардам жеткирип алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, гумжардам эки КамАЗ жана бир бус менен жеткирилди.

Ал унааларга 153 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 448 даана жаш балдардын кийимдеринин комплекти (костюм, юбка), 93 даана жаш балдардын жилети, 306 кг кургатылган мөмө-жемиш жүктөлгөн.

Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 200 литр өсүмдүк майы, 200 кг туз, 100 даана шам, 100 куту тамеки, 500 куту ширеңке жана дары-дармек кошулду.

Өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7 тонна 650 кг ун бөлүнүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG