Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Түндүк Корея Түштүк Кореяны коркутту


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ун ракета учурган инженерлер, окумуштуулар чакырылган сый тамакта сүйлөөдө. 22-декабрь, 2012-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ун ракета учурган инженерлер, окумуштуулар чакырылган сый тамакта сүйлөөдө. 22-декабрь, 2012-жыл.
Расмий Пхеньян бүгүн Сеулду БУУнун апта башындагы санкциясын колдогону үчүн ага каршы чара көрөрүн айтып коркутту. Санкциялар азыр Түштүк Корея да мүчө БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан Түндүк Кореяны узак аралыкка мерчемделген ракетасын сынаганынан улам жазалоо үчүн кабыл алынган.

Кечээ Түндүк Корея алдыда өзөктүк куралын үчүнчү ирет сынарын жана “элдешкис душманы АКШны бутага алуучу ракеталарын” учура берерин жарыялаган. Бул аралыкта бүгүн Кытайдын мамлекеттик гезитинин жазганына караганда, Бээжин, эгер Түндүк Корея дагы бир өзөктүк сыноо өткөрсө, жардамын азайтат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кечээ тараптардын баарын сабырдуулукка чакырып, Түндүк, Түштүк Корея, АКШ, Орусия, Кытай катышкан беш тараптуу сүйлөшүү тезинен кайра жанданышы керектигин белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG