Президент Нурсултан Назарбаев кырсыкта набыт болгон 21 адамдын туугандарына көңүл айтып, эртеңки күндү өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялады.
Кечээ Алматыдагы аэропортко конордо Challenger-200 деген учак жерге кулап, андагы 16 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү ажал тапкан. Каза болгондордун ким экенин аныктоо иши Алматыда бүгүн улантылды.
Өлгөндөрдүн ичинде Акрам Низамов аттуу Кыргызстандын жараны да болгону такталды. Низамовдун сөөгүн бүгүн анын бир тууган эжеси тааныды. Сөөктү Кыргызстанга жөнөтүш үчүн Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулдугу документтерди даярдап жатат.