Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

КСДП талап-тоноо фактылары боюнча комиссия корутундусун жабык карап жатат


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы 2010-жылы 7-апрелден кийинки талап-тоноо фактылары боюнча комиссиянын корутундусун жабык карап жатат. Корутундуга комиссияга кирген депутаттардын теңи макул болуп кол койгон, калган жарымы баш тарткан болчу.

Ички иштер министрлиги бул факт боюнча өткөн жылы ноябрь айында “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдун ишин кыскарткан эле. Кийинчирээк башкы прокурор Аида Салянова Мадылбеков менен Төлөгөновго байланыштуу жагдайлар толук жана сапаттуу иликтенген эмес жана бул эки депутатка карата ишти токтотуу чечими эрте кабыл алынган деп билдирген. ИИМдин чечими иликтенерин маалымдаган.

Убактылуу кармоочу жайда отурган Абдулла Юсупов 7-апрелден кийинки талап-тоноолорго аталган депутаттардын тиешеси бар деп билдирүү жасаган. Анын негизинде Башкы прокуратура былтыр 22-августта кылмыш ишин козгоп, ИИМ тарабынан 250дөй адам суралган. (EBM)

XS
SM
MD
LG