Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Твиттердин 250 миңдей кардары жөнүндө маалымат уурдалган болушу мүмкүн


Интернет чабуулуна кабылган Твиттер хакерлердин колуна 250 миңдей кардар жөнүндө маалымат өткөн болушу мүмкүн деп болжолдойт. Твиттер чабуул аракетин аныктап, аны алдын алууга жетишкенин, бирок хакерлер 250 миңдей кишинин электрондук даректери, аты-жөнү жана сыр сөздөрү камтылган маалыматтарды уурдаган болушу ыктымал деп билдирди. Ушул эле аптада The New York Times жана The Wall Street Journal гезиттери компьютер системалары Кытайда жайгашкан хакерлердин чабуулуна туш болгонун кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG