Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстанга ЭВК миссиясы келет


Эл аралык валюта корунун миссиясын эксперт Галина Шишкова жетектейт. 4-февралдан 15-февралга чейинки аралыкта миссия жеке тышкы карыз боюнча маалыматтарды чогултуу ыкмаларын иликтейт. Ошондой эле жеке тышкы карызды каттоо кызматын Улуттук банктын эсебинен Улуттук статистикалык комитеттин эсебине которуу маселеси боюнча сунуштарын берет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттин кепилдиги менен жеке ишканалар сырттан алган насыя акча да мамлекеттин тышкы карызы болуп эсептелет. Расмий маалыматтар боюнча, быйыл Кыргызстандын тышкы карызы 3,3 млрд. доллар болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG