Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон ооган президенти Хамид Карзай жана Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардари менен жолугушмакчы. Келерки жылы чет өлкөлүк аскерлер ооган жеринен чыгарылат. Анын алдынан ооган өкмөтүнө талибдер менен тынчтык келишимине жетишиши керек деген талап өстү.
Бүгүнкү жолугушууга Ооган жана Пакистан аскер күчтөрүнүн, чалгын кызматтарынын жетекчилери да катышаары айтылууда.
Ооганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуунун жолдорун талкуулаган ушул үч тараптын жолугушуусу буга чейин эки ирет болгон. Ооганстанда Британиянын 9 миңден ашуун аскери бар жана алар Хелманд провинциясында НАТОнун жетекчилиги астында кызмат өтөшөт. Британия ооган жерине жайгаштырылган аскерлеринин саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Ооганстанда 60 миңдей америкалык аскер бар.