Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Качкан аскерлердин дагы экөө кайтып келди


Калган эки жоокердин чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” билдирди.

3-февралдын түнүндө ИИМдин Ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери бөлүктөн уруксатсыз чыгып кетишкен. Алардын отуз экиси 5-февраль түнү бөлүккө кайтып келишкен, дагы бешөө бүгүн күндүз келди. Бул иш боюнча учурда Аскер прокуратурасы иш алып барууда.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча аскер бөлүгүнөн уруксатсыз чыгып кеткен жоокерлер үч күндүн ичинде кайтып келсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, бул дисциплинардык баш ийбөө деп эсептелинет.

Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнөн жоокерлердин бириндеп жана массалык түрдө өз эрки менен кетип калган учурлары көп кездешет. Буга негизинен аскер бөлүктөрүндөгү уруп-сабоо, кыйноолор себеп болору айтылып жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG