Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Жыл башынан бери өлкөдө 345 өрт кырсыгы катталды


Жыл башынан бери Кыргызстанда 345 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, министр Кубатбек Боронов ушул маселеге байланыштуу атайын жыйын өткөрүп, Өрткө каршы кызматтын жетекчилигине кырсыктарды алдын алууга өзгөчө көңүл буруу талабын койду.

Катталган 345 өрт кырсыгы 6 миллион сомдон ашык чыгым алып келди. Тогуз адамдын өмүрү кыйылды. Дагы жети адам күйүк алып ооруканада жатат.

Өрткө каршы кызматтын бөлүм башчысы Уланбек Танабаевдин айтымында, кырсыкка негизинен электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG