Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга кести


Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча өкүм чыгарды. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ кечинде чыккан сот өкүмүнө ылайык, Курманбек Бакиев үй-мүлкүнөн ажыратылуу менен 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилди. Ошондой эле генерал-лейтенат деген аскердик чининен ажыратылды.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу шартта мерт болушкан. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган. 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиев бийлиги кулатылгандан кийин Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кайрадан иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси Жаныш Бакиевге да бул иштин башында турган, буйрук берген деген айып тагылган эле.

2010-жылдагы апрель окуялары боюнча Бакиевдерге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, массалык адам өлтүрүүгө буйрук берген деген айып тагылган. Бул иш боюнча сот иши али аягына чыга элек.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип, Беларустан баш паанек тапкан. Анын өлкөдөн качып кеткен балдары менен бир туугандарына болсо эл аралык издөө жарыяланган.

(EBM)

XS
SM
MD
LG