Шейшембиде Конгресстин кошмо жыйынында жасаган докладында АКШ президенти Барак Обама 2014-жылга чейин Ооганстандан 34 миң аскер чыгарылаарын билдирди. Ушундай жол менен АКШ Ооганстандагы 66 миңге жакын аскеринин жарымын чыгарып, АКШ 2014-жылдын аягына чейин аскердик контингентти толугу менен чыгарууга даярдык көрүүдө. “2014-жылы Ооганстандагы биздин согуш аяктайт деген АКШ президенти “Ал-Каиданын” согуштук түйүнү кечээкинин көлөкөсү деп атады.
Ошондой эле өз сөзүндө Обама Ирандын жетекчилигине өзөктүк кризисти чечүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
Конгресстин кошмо жыйынындагы докладында Обама АКШдагы бюджеттик чыгымдарды кыскартуу, ядролук куралдарды кыскартуу жана жарандардын курал сатып алуусуна катуу көзөмөл киргизүү сыяктуу актуалдуу маселелерге токтолду.