Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Астероид Жерди жандай учуп өттү


Урал тоосунун үстүндө метеорит жарылгандан бир аздан кийин Аалам койнунан келген 47 метрлик астероид Жерден 28 миң чакырым алыстан учуп өттү. Ал Жерге орбитада учуп жүргөн жасалма спутниктерден да жакын аралык. Астрономдордун айтышынча, бул Жерди жандай учуп өткөн эң чоң астероид болду. Аны түнкү чайыттай ачык асмандан австралиялык гана астрономдор көрө алышты. Уралга түшкөн метеоритке каршы багытта учуп өттү деп боолгонуп жаткан астероидди былтыр испаниялык окумуштуулар адеп табышканда, 2012 DA14 деп аташкан.

XS
SM
MD
LG