Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Болгарияда электр акысынан чыккан чатак вице-премьерди кызматтан кетирди


Жекшемби күнү Болгариянын жыйырма шаарында электр энерегиясынын кымбат баасына каршы демонстрация болду. Көчөгө агылып чыккан он миңдеген адамдар өкмөттүн кызматтан кетүүсүн жана электр тармактарын кайра улутташтырууну талап кылышты. Алар полицияга таш, бөтөлкө, жумуртка жана помидор ыргытышып, электрдин акысы үчүн келген эсеп кагаздарын өрттөштү. Демонстранттар беш шаарда электр ишканаларына кол салышты. Софияда 3 миңдей адам негизги жолдорду буушту. Жергиликтүү булактардын билдиришинче, арасында жаш балдар жана аялдар бар чоң топ Софияда жана башка шаарларда электр тармагын башкарган чехтердин СЕZ компаниясынын кеңселерине кол салганга аракет кылышты. Электр чатагына байланыштуу Болгариянын вице-премьер-министри жана финансы министри Симеон Дянков бүгүн кызматтан кетти.

Электр кубаты Евробиримдиктин жарды өлкөлөрүндө курч саясый маселе. Болгарияда орточо айлык акы 400 евро, орточо пенсия 176 доллар.

XS
SM
MD
LG