Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Сирия: ракеталык чабуулдан 30 адам мерт кетти


Сириянын оппозициясы Алеппо шаарындагы ракеталык чабуулдан 30 адам мерт кеткенин билдирип чыкты. Анда өлкө түндүгүндөгү ири шаар Алепподогу калктуу райондор бутага алып, ракеталык чабуул жасалган.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун маалымдашынча, чабуулдан набыт болгондордун он төртү балдар, бешөө аялдар. Уюм Алепподогу Жебел-Бавро деп аталган райондогу талкаланган турак үйлөр тууралуу тасмаларды көрсөтүп, урандылар алдында каза болгондор бар болушу мүмкүн деп билдирүүдө.

Ал ортодо өкмөттүк САНА агенттиги Дамасктагы Башар Асаддын кеңсесинин жанында минометтор жарылганын кабарлады. Жардыруудан жабыркагандар жана минаметтор жарылган учурда Башар Асаддын кеңсесинде болуп-болбогону тууралуу маалымат айтыла элек. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти Сирия оппозициясынын боштондук армиясы өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG