Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Apple хакердик чабуулга кабылды


Дүйнөгө белгилүү компьютер жасоочу Apple компаниясы хакерлердин чабуулуна кабылганы тууралуу билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, компаниянын кеңсесиндеги бир нече компьютерди хакерлер ачып кирип, андагы маалыматты алууга аракет кылышкан . Компаниянын адистеринин билдиргенине караганда, бул чабуул өткөн аптада Фейсбук социалдык түйүнүнө жасалган хакерлердин чабуулуна окшош болууда.

Аррle компаниясына жасалган чабуул АКШнын Кытайды бул багытта айыптаган билдирүүлөрдү тараткан мезгилге туш келди. Анда Кошмо Штаттар Кытай армиясынын өкүлдөрү ири компанияларга жасалган хакердик чабуулдарга катышып жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG